Мамлекеттик кызыкчылык бул мыйзамдуулукбу, же эмне?

добавлен 21 января 2015 10:17
просмотров 1396

 

 

Кечээ 20 январь 2015 жылы Жогорку сотунда Джумашов К., Акматов Б.  жана Арапбаев Н. соттук курамында, Базар Коргон районунан жер талаш чырды карашты.

Иштин маңызы: Базар Коргон районунун Талды Булак айылдык аймагынын  жашоочулары жер үлүшү деп алынган тилкелерди  ошол жерде жайгашкан токой чарба өздүк жерибиз деп керектүү документтерди жасатып алышкан.

30.05.2014 жылы Жалал Абад областык райондор аралык сотунда А. Айжигитов төрагалыгында бул чыр каралып Талды Булак айыл округунун арызы жарым жартылай канаттандырылсын деп чечим мыгарылган. Чечим бул жерде.

04.08.2014 жылы Жалал Абад областык сотунун Г. Кожобекова, А. Абдраимов жана Г. Токтогулова курамында бул ишти аппеляциялык даттануну карап Жалал Абад областык райондор аралык сотунун чечимин өзгөртүсүз калтырылсын, деп чечишет. Чечим бул жерде.

Ошентип иш Жогорку сотко келет. Жогорку сотко Жалал Абадтан 15 тен ашкан адам келип, 3 жолу сот отуруму кийинкине жылдырылып жатканда, сүйлөшүлөр болуп жатат окшойт, байкоо жүргүзүп бергилечи, деп,  Талды Булактын жашоочулары кайрылышат.

20.01.2015 жылы саат 10 коюлган сот отуруму кайра саат 16.00 жылдырылып каралды.

Соттошуп келе жаткан токой чарба өз көзөмөл ирээтинде берилген  арызын кайра тартып алуу жөнүндө  арыз беришиптир. Бирок ал арызды карагандан мурун, сотко Жалал Абад областык прокуратурасынан  көзөмөл арыз түштү деп сот курамынын төрагасы билдирди. Айыл Өкмөт тарабын көздөгөн соттун катышуучулары биз бул арызга кааршыбыз, анткени прокуратура буга чейин сот отурумунда катышкан эмес. Кайсы мамлекеттин кызыкчылыгын алар коргоп жатышат, деп каршы боло баштаганда судья Джумашов К.О. жөн эле кааршы боло бересиңерби, мыйзамга такагыла, прокуратура мындай арызды келтиргенге эмнеге болбошу керектигин айткыла, деп, көзөмөл арызды кабыл алды. Кийинки маселе жанагы токой чарбанын көзөмөл ирээтинде берилген арызын кайра артка тартып алуу жөнүндө болду. Сотко келген эл сүйүнүп, эгер көзөмөл арызын артка тартышса, анда Жалал Абад областык сотунун чечими күчүнө калып жакшы болгон турбайбы, деп сот залынан чыгып кетейин дешсе, соттор эми Жалал Абад областык прокуратурасынын арызын карайбыз дешти. Ал арызында прокуратура 1 жана 2 инстанцияда чыгарылган чечимдерди жокко чыгарып, иш боюнча өндүрүштү кыскартып берүүнү сураныптыр. Мурун бул маселе областык деңгелде  каралып жатканда Жалал Абад областык прокуратура эч тарап болуп ишке кирбесе, тарап өзү көзөмөл ирээтиндеги арызын артка тартып жатышса Жогорку соттун сот курамы Жалал Абад областык прокуратурасынын арызын канатттандырып беришти.

P.S. Соттор ишти өндүрүштөн кыскартса эле чыр чатак токтоп калмак беле?  Эртең бул маселе чоң жанжалга айланса ушул соттук коллегия чыгарган чечимине  жооп бере алабы?