Ысык-Колдо судьяларга семинар откорулду. ЖОГОРКУ СОТТУН БАСМА СОЗ КЫЗМАТЫ

добавлен 17 июня 2014 23:04
просмотров 1033

 

 

2014-жылдын 12-13-июнунда Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн «Жарандардын ар-намыс, кадыр-баркын, юридикалык жактардын ишкердик беделин коргоо иштерин карап чыгуу өзгөчөлүктөрү» аталыштагы 2 күндүк семинар, Ысык-Кɵл облусунун Чоӊ-Сары-Ой айылында откорулду.

Семинардын ишине 18 судья катышты.

Иш-чаранын тренерлери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Ажибраимова Айжамал Мусуратбековна жана Украинадан келген эксперттер. 

Семинарды Усенова Бегайым, «Институт Медиа Полиси» КФнун директору жана Майрам Оморова, судьяларды окутуу Борборунун сектор башчысы ачышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, «Институт Медиа Полиси» коомдук фонду жана Media Legal Defense Initiative менен биргеликте ишке ашырылды.