Нарында соттор сот департаментине коз каранды экендиктерин билдиришти

добавлен 30 мая 2014 16:34
просмотров 1482

 

 

Нарын шаарында кечээ, 27-май күнү «Нарын облусунун жергиликтүү сотторунда сот өндүрүшүнүн стандартын сактоо» деген аталышта атайын байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Коомдук иликтөөлөр институту» коомдук бирикмеси тарабынан сот өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү өткөн жылдын ноябрь айынан 2014-жылдын апрель айына чейин облустук, шаардык, Нарын менен Ат-Башы райондук жана Нарын райондор аралык сотторунда жүргүзүлгөн.

Аталган коомдук бирикменин жетекчиси Рита Карасартова мындай иликтөө Нарын облусунда гана ишке ашырылгандыгын белгиледи.

«Негизи дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде соттордо өлкөнүн бюджетинин 2%ы бөлүнөт экен. А бизде болсо 0,39%ы берилерин билдик», - деди Р.Карасартова.

Ал эми Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Замира Амиракулова соттордун көз карандылыгын маалымдады. «Мен Нарынга 2004-жылы келгем. 2005-жылы олтурган кабинетке кулпу жана жылыткыч сатып алгам. Акыры өзүм сотко берем жатып, былтыр гана 5 миң сомду өндүрдүм. Биз сот департаментке көз карандыбыз. Керек десе алар айлыктарыбызды өз убагында беришпейт», - деди З.Амиракулова.

Мындай пикирге Р.Карасартова дагы кошулду. «Биз Жогорку Кеңешке кирип, сотторго реформа керек, алардын жок дегенде жазгандарына кагаздары жетишпейт экен деп тапичка менен чапкылагандан кийин, алар ойгонушуп, аа-а сотторго реформа керек турбайбы дей башташты», - деди ал.

Жыйында соттордогу көйгөйлөрдү чечүү, укук бузууларды оңчулуктуу ишке ашыруу зарылдыгы тууралуу ой-пикирлер айтылды.