Чыныгы мусулмандардан “Хизбут Тахрир” коомунун адамдарын кантип айырмалаш керек?

добавлен 14 мая 2014 13:23
просмотров 900

 

 

Сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңешке Алыбаева Н.Б. кылмыш иш боюнча кайрылган. Себеби, Н.Б. Алыбаеванын жолдошу Адыракаев Р.А. 2013-жылдын 10-ноябрынан бери камакта.

Тергоо органдары тарабынан Адыракаев Р.А. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими менен «Хизбут Тахрир» ДЭУ экстремистик деп таанылгандыгынын жана анын ишмердуулугуно Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынгандыгын билип туруп, 2012-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын МУКК Талас облусу боюнча башкармалыгынын жана Талас ОИИБнун кызматкерлери Адыракаевдин Талас шаарындагы жашаган уйуно тинтуу жургузгон учурда , диний мазмундагы адабият жана аудиокассеталар табылган жана алынган. Адыракаев озу учун тиешелуу тыянактарды жасабастан, ошол убакытка чейин жогоруда корсотулгон экстремистик уюмдун мучосу жана анын идеяларын колдойт деп Кыргыз Республикасынын КЖКнин 299-1 ст. 4 б.,   299-2 ст. 2 б. 5 п. менен айыбы угузулган.

Соттолуучу Р.А. Адыракаев угузулган айыпты мойнуна алган эмес, себеби 2012-жылдын 12-сентябрында озунун уйундо жашаган эмес. 2012-жылдын жаз айында Суусамыр жайлоосуна уй-булосу менен кочуп кеткен, ал эми уйун кайын агасына квартирага берген.

2014-жылдын 11-апрелинде Талас райондук ачык сот отурумунда бул иш каралып, иш боюнча чогулган материалдарга жана далилдерге, күбөөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө юридикалык баа берип, соттолуучу Адыракаев Р.А. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 299-1 ст. 4 б., 299-2 ст. 2 б. 5 п., 338 ст. боюнча кылмышты жасоого катышуусу далилденбегендиктен, сот акталсын деп өкүм кылат. Талас облустук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясына айыптоочу тарабынан аппелляциялык сунуш берилип,  Талас облустук ачык  сот отурумунда бул иш каралмакчы.