Видео: 23-01-2012 Сот системасында ото коп катачылыктар болууда

добавлен 24 января 2012 15:08
просмотров 886

 

 

 

Бүгүн Коомдук каналдын маалымат борборунда Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөлөрү сот системасындагы катачылыктар тууралуу жыйын өткөрдү.

Жыйында соттордун туура эмес чечиминен үйлөрүн күрөөгө коюп акча алган жарандар үйүнөн кур-жалак калган фактылар көп кездешип жатканы тууралуу айтылды. Мындан сырткары, жарандык кеңештин мүчөлөрү - соттордун кароосуна берилген иштердин 45 пайызы кийинкиге калтырылып жатканын дагы айтат.

Мөөнөт болгону үч эле күн болууга тийиш болсо, иштер эки жумадан ашык мөөнөткө жылдырылып, сот талашын бат чечүү боюнча жарандардын укугу тебеленип жатат, - дейт алар.

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин юристи Сабыржан Мамбетов: “Сот системасын реформалоо – декларация түрүндө калбай, ишке ашсын десек, ачык-айкындуулукту жогору тутуп, мониторинг өткөрүп жатабыз. Бизге кайрылып жаткан жарандардын жарымы – мълкън тарттырып жибергендер”.

 

Система Orphus