Жогорку Соттун Торайымы Феруза Джамашева Гаагада конференцияга катышат

добавлен 01 апреля 2014 17:55
просмотров 1885

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Айнаш Токбаева Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун (ИДЛО) Башкы директору Айрин Кхан айымдын чакыруусу боюнча эртеӊ, 2014-жылдын 2-апрелинде, Гаага шаарында өтүүчү мыйзамдын үстөмдүгүн өркүндөтүүгө арналган конференциянын ишине катышмакчы.

Конференциянын күн тартибинде – тынчтык орнотуу жана укуктун үстөмдүгү, гендердик акыйкаттуулук: аялдар жана укук, сот мекемелери: жеткиликтүү жана ак ниет сот адилеттиги ж.б. маселелер.

 Аны менен бирге, адам укуктары, жарандардын адилеттикке жетүү мүмкүнчүлүгүнүн приоритеттүү багыттарын талкуулоо күтүлүүдө.

 Иш-чараны Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму (ИДЛО), Нидерланд Өкмөтүнүн жана Гаага шаарынын колдоосу менен уюштурууда.


ЖОГОРКУ СОТТУН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ.