Судьяларды окутуу Борбору судьялар учун антикоррупциялык окутуучу семинар откоруудо

добавлен 25 марта 2014 10:57
просмотров 858

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ №215 «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө», 2012-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана дагы Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы туруу Планына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору (GIZ) эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомунун «Борбор Азиядагы өлкөлөргө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Кыргызстан боюнча Программасы менен биргеликте «Кыргыз Республикасындагы антикоррупциялык саясат: ишке ашыруу маселелери жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу» аталыштагы эки күндүк 2 семинар өткөрүүнү пландоодо.   

Семинарлар 2014-жылдын 24-25-мартында Бишкек шаарынын, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарынын сотторунун судьяларына Бишкекте жана 2014-жылдын 3-4-апрелинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын судьялары үчүн Жалал-Абад шаарында өтмөкчү.

Бүгүнкү, 2014-жылдын 25-мартындагы, семинардын ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 25 судьясы катышууда. Семинар судьяларды окутуу Борборунда өтүүдө.

Иш-чаранын тренерлери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Качыке Эсенканов, Кыргыз Республикасындагы Transparency International Улуттук бөлүмүнүн башкармалыгынын төрагасы Адылбек Шаршенбаев.

Семинарды куттуктоо сөздөрү менен GIZ Программасынын Улуттук координатору, кеңешчиси Рустам Мадалиев жана судьяларды окутуу Борборунун сектор башчысы Майрам Оморова ачышты.