Судьялар кенешинин жаны Торагасы шайланды

добавлен 26 февраля 2014 19:53
просмотров 1603

 

 

2014-жылдын 13-14-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин отурумунда, Судьялар кеӊешинин азыркы төрагасы – Дастан Айжигитовдун ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин жаӊы Төрагасын шайлоо тууралуу маселе каралган.

Жыйынтыкта, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин мүчөлөрүнүн бир добуштан кабыл алынган чечими менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин төрагасы болуп Абдырахманов Жакып Токтобекович шайланды.

Абдырахманов Жакып Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин мүчөсү.

«Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Судьялар кеӊеши өз курамынын ичинен Судьялар кеӊешинин төрагасын жана анын орун басарын бир жылдык мөөнөткө шайлайт.

Судьялар кеӊешинин төрагасы Судьялар кеңешин чакырат жана Судьялар кеңешинин регламентине ылайык анын ишине жетекчилик кылат; Судьялар кеңеши кабыл алган чечимдерге кол коет; мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарыңда, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырган учурда Судьялар кеңешинин атынан чыгат, Судьялар кеңешине келип түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, башка ыйгарым укуктарды иш жүзүнө ашырат.

Мындан тышкары, Кеӊештин отурумунда Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун 2013-жыл жыйынтык отчеттору угулган. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин отурумунда баардыгы болуп республикабыздын судьяларына карата 78 даттануулар жана арыздар каралган.

Судьялар кеӊеши тарабынан Нарын облустук сотунун судьяларына квалификациялык класстарын берүү боюнча 3 сунуштама каралган жана канааттандырылган.