Чуй облустук сотунда Токмок шаарындагы кылмыш иши боюнча процесси башка кунго калтырылды.

добавлен 25 февраля 2014 17:45
просмотров 840

 

 

2014-жылдын 25-февралына саат 10-00 Чуй облустук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын  ачык сот отурумуна 2013-жылдын 12-декабрындагы Токмок шаарынын чыгарган өкүмүнө аппеляциялык даттануу боюнча иш коюлган (бул жерде). Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карамакчы: төрага Джунушпаев К.К. жана Джумагулов А.К., Исаев Н.Р.  Төрагалык кылуучу Джунушпаев К.К. ооруп калгандыгына байланыштуу бул ишти 2014-жылдын 4-мартына саат 11-00 калтырылды. Мурунку сот отурумунда жабырлануучу тиешелүү күбөлөрдүн катышуусу зарыл деп соттук коллегия тарабынан  бүгүнкү күнгө калтырылган. Байкоочу тараптан сот отурумуна күбөлөр келбегендиги байкалган.  Сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештен байкоочулар бул иш боюнча кийинки сот отурумуна катышат.