Кыргызстандын сотторунун торагаларын сот адилеттуулугун иш жузуно ашыруу тармагында профилактика жана коррупция менен курошуу чаралары боюнча окутушат

добавлен 17 февраля 2014 19:40
просмотров 984

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ №215  «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө», 2012-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана дагы Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы туруу боюнча Планды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору (GIZ) эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомунун «Борбор Азиядагы өлкөлөргө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Кыргызстан боюнча Программасы менен биргеликте  Кыргыз Республикасынын сотторунун төрагалары үчүн«Кыргыз Республикасындагы коррупция менен күрөшүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар: сот адилеттүүлүгүн иш жүзүнө ашыруу тармагындагы профилактика жана коррупция менен күрөшүү чаралары» темасында бир күндүк үч семинар өткөрүүнү пландоодо.      

Семинарлар 2014-жылдын 17чи, 28-февралында Бишкек шаарынын, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарынын сотторунун төрагаларына жана 2014-жылдын 21-февралында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын төрагалары үчүн Ош шаарында өтмөкчү.

Бүгүнкү, 2014-жылдын 17-февралындагы семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 24 төрагасы катышууда. Семинар судьяларды окутуу Борборунда өтүүдө.

Иш-чаранын тренери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Качыке Эсенканов.

Жогорку соттун Пресс-кызматы