Нарын райондук сотундагы кредиттерди кайтаруу боюнча сот иши

добавлен 13 февраля 2014 18:23
просмотров 752

 

 

30.01.2014. Нарын райондук сотунда сот Мамбеталиев Э  «Бай –Тушум жана Партнерлор» финансылык компаниясына карыздар болгон Абдыкасымов К., Абдылдаев А., Абдрахманова К. атуу жарандарын ишин карады. Сот процессинде компаниянын кызматкерлери кредит берип жатканда тура эмес анализин жүргүзүшкөн. Карыздары бар адамдардын мүлкү, акча каражаттары такталган эмес. Карыздарынын ордуна башка мүмкүнчүлүктөрүн эске албай (пенсия ,пособия, мал ) компаниянын өкүлдөрү карыз адамдардын жашап жаткан үйүн банкка каратып алууну көздөшкөн. Алар болгону 55 000 сом карыз болушкан.  Процесс учурунда карыз адамдар жашап жаткан уйун эмес короосундагы малдары менен пенсия, пособиясы менен кутулсун деп сот чечим чыгарды.

Ушул эле куну Нарын райондук сотунда Турдалиева  Б. арызынын негизинде мураска берилген там боюнча келишимди жоко чыгаруу иши каралды. Бул иш  убактысынан 2 саат кечгип башталды. Себеби Нарын райондук сотунда жалгыз сот иштегендиктен убактысы ченемдуу болду.