Прокурорлор майрамдоодо, а соттолуучулар отурат...

добавлен 22 ноября 2013 13:35
просмотров 893

 

 

2013-жылдын   22-ноябрына  саат  09:30 га   Чүй  облустук  сотунда  кылмыш – жаза  иши белгиленген. Күн  тартиби 1 жумага  илингени менен, анда  21, 22-ноябрдагы иштер көрсөтүлгөн эмес.

Сот залында  катышуучу  тараптар  соттук  коллегияны  күтүп  отурушту. Саат 10:05те  судья  Джумагулов А.К. келип, бүгүн прокурорлор күнү болгондуктан, прокурор  келбей калганын  жана судья  Садырбеков У.М. ооруп, дарыгерге көрүнүп  жүргөнүн айтып, ишти  28-ноябрь, саат  09:00 жылдырды.

P.S. Бүгүнкү күн прокуратуранын майрамы календарда кызыл менен белгиленген эмес, бирок ага карабастан прокурор жумушка чыкпаганына байланыштуу сот отурумун жылдырууга туура келди. Жыйынтыгында  соттолуучу дагы ашыкча мөөнөткө кармалмакчы. Мындай  себеп менен  дагы канча иш жылдырылат?