Германиядан келген судья Хорст Фреельс кыргыз судьялары менен тажрыйба болушуудо

добавлен 15 ноября 2013 15:32
просмотров 773

 

 

Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомунун (GIZ) «Борбор Азиядагы өлкөлөргө укуктук көмөк көрсөтүү»  программасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту менен биргеликте Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары жана кызматкерлери үчүн бир күндүк «Сот адилеттигин уюштуруунун майнаптуулугу үчүн башкаруунун заманбап элементтери» аталыштагы семинар өткөрүүдө. Семинар өз ишинбүгүн Бишкек шаарында баштады.

Семинардын тренери – Ылдыйкы Саксониянын Олденбург шаарынан келген Жогорку Соттун судьясы, докторХорст Фреельс болмокчу. Семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары жанакызматкерлери, өлкөнүн облустук, шаардык жана райондук сотторунун төрагалары, КыргызРеспубликасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин территориалдык түзүмдөрүнүнжетекчилери катышууда.

Иш чаранын максаты – сот тутумундагы административдик жетектөөчү курамды сот адилеттигинуюштуруунун майнаптуулугу үчүн соттордогу башкаруу жана менеджмент тармагындагы заманбап ыкмаларжана мүнөздүү багыттары менен тааныштыруу. Ошону менен бирге, төмөндөгү темалар тартууланат:соттордун аппаратындагы дисциплинардык маселелер; соттогу уюштуруучулук жана башкаруу: сот иштеринсудьялар арасында бөлүштүрүү системаларын даярдоо жана жайылтуу, Бенчмаркинг ыкмасынын маанисижана имплементациясы; сот кызматкерлерин башкаруу жана алардын квалификациясын жогорулатуу.

Куттуктоо сөзү менен семинарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын орун басарыБактыгүл Аманалиева жана «Борбор Азиядагы өлкөлөргө укуктук көмөк көрсөтүү» (GIZ) программасынынКыргызстандагы жетекчиси Томас Херманн сүйлөштү.