Мыйзамсыз жерди сатуу Кыргызстанда токтойбу дегенди - Жогорку сот чечет.

добавлен 28 октября 2013 16:31
просмотров 992

 

 

Сот системасын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңештин кабылдамасына Кара Буура айыл аймактын юристи Бекетаев Д.С. кайрылды.

Иштин маңызы: Кара Буура айылынын өкмөтунун Кызыл Адыр айылынын борбор көчөсүндө 0,6 га бош жер бар болчу. 2004 жылы системдүү каттоо жүргүзгөндө бул жер аянты ээси жок (бесхозный), деп катталган. Ошол жер болүкчөсү 2007 жылы мамлекеттин атайын администратору  Кара Бууранын коммуналдык чарбасы кудуретсиз (банкрот) деп таабып, аукционго чыгарып 22566 сомго мыйзамсыз сатып жиберишет. Сот териштирүүнүн негизинде гезитке берген жарыясында бул жердин аянтын 75 м2,  деп көрсөтүшкөн.

Сот териштирүүнүн 1 айлампасы:

9.08.2011 жылы Кара Буура райондук соту, төрагалык кылучу Чокоев М.Ш.  чатак жер тилкесин сатуу сатып алуу келишими түзүлгөн, деп чечим чыгарган Чечим бул жерде.

28.02.2012 жылы Талас облустук сотунун соттук коллегиясы: М. Кенжешов төрага, соттор Т. Бердикеев жана Э. Барктабасова курамында кассациялык арызды карап Кара Буура райондук сотунун чечимин бузуп кайра ошол эле сотко кароого жиберген Токтом бул жерде.

27.08.2012 жылы КР Жогорку сотунун соттук коллегиясы: А.Кудайбергенов, соттор Д. Кульматова жана Р. Салиев курамында көзөмөл даттанууну карап Талас облусунун чечимин күчүндө калтырышат Токтом бул жерде.

 Сот териштирүүнүн 2 айлампасы:

11.12.2012 жылы Кара Буура райондук соту, төрагалык кылучу А. Мусуралиева карап баштап чатак жкрдин аянты канча экенин аныкташ үчүн комиссия түзү  жана ушул иш Кара Буура райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө тапшырылсын, деп аныктама чыгарган. Аныктама бул жерде.

Комиссия жер аянтын өлчөп схемасын түзүп келет.
Сүрөт 1:

Кийинирек бул иш Манас райондук сотуна кетет, анткени судья А.Мусуралиева  эмгек өргүсүндө болгонуна байланыштуу, судья М. Чокоев мурун бул ишти караган жана А. Жумагулов Чуй областык сотко судья болуп кеткендигине байланыштуу.  Кара Буура райондук сотто үч эле судья эмгектенет.

03.05.2013 жылы Манас райондук сотунда С. Кангельдиева көрагалык кылууда бул иш каралып бул жер тилкени сатып алган Айтышев Мираттын доо арызын толугу менен канаттандырылсын, деп чечим чыгарып берет. Чечим бул жерде.

Бул чатак жер менчике өтүп кетүсүнүн хронологиясы:

2004 жылы системдуу каттоо – ээси жок, деп табышкан;

2005 жылы Карабуура райондук мамлекеттик администрациясы өз токтому менен бул жерди  мөөнөтү көргөзүлбөгөн убакытка пайдаланууга берилген, бирок ал мекеме өз укугун мамлекеттик каттодон өткөргөн эмес жана укук таанучу акты алышкан эмес. Токтом бул жерде;

2007 жылы коммуналдык чарба банкрот болуп анын мүлкү аукциондон сатылганда, бул жер тилке дагы сатылып кеткен.

Ушул далилдерге карабастан Манас райондук сотунун судьясы С. Кангельдиева бул алып сатуу келишими мыйзамдуу, деп чечкен. 

04.07.2013 жылы Талас облустук сотунун соттук коллегиясы: төрага М. Ибраимов, судьялар К. Калиева жана Токтосун уулу К. курамында, бул ишти апелляциялык тартипте карап Манас райондук сотунун чечимин өзгөртүсүз калтырды. Бул чечимди жаңы шайланып келген судьялар чыгарып жатышат, анда реформанын эмне кереги бар эле??? Чечим бул жерде.

P.S. Бул иш КР Жогорку сотунда 30 октябрьнда каралат. Жогорку сот мыйзамсыз жер менен болгон афераларга туура чекит койо алабы, ошол сот чечими көрсөтөт.