Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Судьялардын окуу борборук квалификациялык экзаменге катышууга документтерди кабыл алууну баштады.

добавлен 08 октября 2013 13:36
просмотров 805

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Судьялардын окуу борборуквалификациялык экзаменге катышууга документтерди кабыл алууну баштады.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялыкэкзамен өткөрүү боюнча 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК КОМИССИЯ 2013 жылдын 7 октябрынантартып 11 ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын 

жергиликтүү  сотторунун судьясынынкызмат ордуна талапкерлер үчүношондой эле 2012 жылдын квалификациялык 

экзамендинжыйынтыгынын негизинде төмөн балл (чектелген баллалган талапкерлер үчүнквалификациялык экзаменге

 катышууга кошумча документтерди кабыл алууну ЖАРЫЯЛАЙТ

Квалификациялык комиссияга квалификациялык экзаменден өтүү тууралуу арыз берүүдө талапкерлерден төмөнкү документтер талап кылынат:

1. Жарандыгын тастыктаган паспорттун көчүрмөсү;

2. Нотариустун мөөрү менен бекитилген юридикалык жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;

3. Кагаз тигилүүчү папка.

Арыз жана тийиштүү документтерди жогоруда белгиленген убакыттан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Судьялардын окуу борборуна саат 9.00 - 17.00 чейин ишемби жана  жекшемби күндөрүнөн тышкары тапшыруу тийиш. Дареги: Бишкек ш., Москва к., 201, каб. №4.

 ЭскертүүЖанында паспорту жана юридикалык жогорку билимин тастыктаган диплому болушу керек.

Маалымат берүү телефондору: (0312) 352988, 456606, 454736, 456616.

 

Кошумча маалыматтар www.jtc.sudsystem.kg жана www.jogorku.sot.kg веб-сайттарында жайгаштырылат.