Коомдук иликтоо институтунун жетекчиси Рита Карасартова: Президент сот системасын ондосо эле, Кыргызстан озу онолмок

добавлен 16 июля 2013 17:29
просмотров 2146

 

 

“Мен президент болсом, биринчиден сот системасын оңдомокмун. Экинчиден, жергиликтүү бийликке укукту да, жоопкерчиликти да көп бермекмин. Үчүнчүдөн мамлекеттик деңгээлде электрондук өкмөткө өтүү жолуна түшмөкмүн. Менин негизги кадамым ушул үч багыттын тегерегинде болмок”, - деп билдирген “Коомдук анализ институту” коомдук уюмунун жетекчиси, жарандык активист Рита Карасартова Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына. Ал Фейсбук тармагынын башка колдонуучуларынын: “Эгерде cен азыркы президенттин ордунда болуп калсаң бүгүнкү абалдан чыгуу үчүн кандай конкреттүү иш алып бармаксың?” - деген суроолоруна жооп берген.

Жарандык активист Кыргызстанды сот системасы туура жолго коюлбай атканы артка тартып турат деп эсептейт. “Бүгүнкү биздин ажобуз сот системасын оңдосо эле, Кыргызстан өзү эле оңолмок”, - дейт ал.

“Ал үчүн атайын ыкмалары бар. Баарыбыз мыйзамга баш ийип жашышыбыз керек: жөнөкөй кишиден баштап, президентке чейин. Жашоодо акыйкаттык болбосо, эч нерсе оңолбойт. Мисалы, Чыныбай Турсунбеков бийликке келери менен “Ликерканы” арзан баага сатып алды. Муну биз “рейдердик басып алуу” дейбиз, а бийлик болсо өз партиялашын жаап-жашырып атат.

Экинчиден, жергиликтүү бийликке көп укук жана жоопкерчилик бермекмин. Мына, Жети-Өгүздү алалы. Инфраструктура такыр өнүккөн эмес, акчанын баары министрлик жана губернаторлук деңгээлде таланып кеткен. Ошол акчаны жергиликтүү бийликке берип, элге “ушунча каражат түштү” деп маалымдап, анан аны эмнеге сарптайт чогуу чечим кабыл алышып, каражаттын пайдаланышына эл дагы катышса жакшыраак болмок. Дегеле мамлекеттик аппаратты мобилдүү кылмакмын.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик деңгээлде электрондук өкмөткө өтүү жолуна түшмөкмүн. Анда биринчиден, бүт министрликтин маалымат базалары бирдиктүү болуш керек. Бул маалымат шайлоого, салык кызматына, социалдык фондго керек. Мамлекеттик каттоого канча адамдын кандай үй чарбачылыгы бар экендиги зарыл болсо, энергия тармагы канча абоненти бардыгын билүүгө тийиштүү. Социалдык тармак болсо, канча үй-бүлй жакыр жашайт, аны билет. Ошентип, коррупция да жеңилмек. Ушул үчөө негизги кадамдарым болмок. Укук коргоо системасы да каралууга тийиш, бул кийинки кадамдарыма айланмак”, - деп жазган жарандык активист Рита Карасартова.

“Кыргызстан Бүгүн” - "Кyrgyztoday.kg"