Жогорку Соттун Торагасынын орун басары Брюсселде

добавлен 27 июня 2013 11:31
просмотров 679

 

 

2013-жылдын 27- июнунан  28-июнуна чейин Бельгиянын Брюссель шаарында өтүүчү «Балдарга карата сот акыйкаттыгы жөнүндөгү» маселелерге арналган конференцияга Кыргызстандан Жогорку Соттун Төрагасынын орун басары Калиева Гульбара катышат.

Конференциянын максаты – сот акыйкаттык тутумун балдардын укуктарынын эл аралык жана европалык стандарттарына шайкеш келтирүүдөгү Өкмөттүн милдеттенмелеринин жыйынтыктарын чыгаруу жана бул тутумдун бардык балдар үчүн жеткиликтүүлүгүн тастыктоо болуп саналат.

Сурөттө: Брюсельдеги Сот ордосу

Конференциянын жүрүшүндө алардын аркасында балдардын кызыкчылыгында көрүнүктүү натыйжаларга жетишилген стратегиялар жана балдарга карата сот акыйкаттыгынын реформасынын алкактарындагы негизги артыкчылыктуу маселелер каралмакчы.

Конференциянын катышуучулары Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн жогорку даражалуу адамдардан турган делегаттар тобу, ошондой эле аймакта тутумду реформалоого жигердүү тартылган өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын эксперттери болуп саналат.

Г. Калиеванын иш чарага катышуусу ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу ишке ашты.