Колдо турган далилдер менен судьяларды жоопко тарта албасак, анда Сот кенешинин эмне кереги бар?

добавлен 14 июня 2013 16:59
просмотров 1497

 

 

Июнь айында Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин коомдук кабылдамасына  Жалал Абад өрөөнүнөн Рыспаев Мелис агай кайрылды. Ал киши Жалалабад шаардык сотунун судьясы Сулайманова Э.М. өз ишин мыйзам чегонде аткарбастан, өз кызмат абалынан пайдаланып, жасалма документтерге тайанып мыйзамчыз чечим чыгарган, деп арызы менен кайрылган.

Иштин  маңызы: Арыздануучунун жубайы Эрназарова, Акматова Гульжан Сатыбалдиевага  899961 сомду өндүрү боюнча сотко кайрылган. Ошол карызды кайрып алууну камсыз кылуу үчүн  23 июль 2009 жылы сот Акматованын үйүнө арест койгон. аныктама бул жерде. Акматова өз үйүн аресттен чыгаруу үчүн 27 июлюда 2010 жылы арыз менен сотко кайрылат. Бул арызды кароо үчүн 3 август 2010 жылы судья Сулаймановага берилет Арыз бул жерде. 5  августа 2010 жылы Жалалалбат шаардык сотунун судьясы Сулайманова Э.М. ушул иш боюнча чечим чыгарып берет. 3 августа түшкөн ишти 5  августа экинчи жакка повестка, арыздын көчүрмөсүн  бербей Акматова тарапка үйүнүн аресттен чыгарып берет чечим бул жерде. Кийин териштире келгенде адвокатынарга повестка жиберилген, деп жооп беришет Повестка бул жерде. Эгер арыздануучунун атына Акматова жазган арызды дагы жиберебесе, Эрназарованы  кайсы адвокат жактап жатканын соттор кайдан билишет эле жана ага кантип повестка жиберет эле, деген суроо туулат. Соттук иштин материалдарында  адвокаттын тиркелген ишеним каты жасалма болуп чыгат, анткени ал адвокаттан Эрназарова 17 июль 2010 жылы ишеним катты өзүнө кайтарып алган.

5  августа 2010 жылы  Сот отурумунунун протоколунда  сот катчысы жазып, судья өзү кол коюп берген протоколунда Кызыккан тарап Эрназарова жана анын өкүлү Абулакимов белгисиз себептер менен келген жок , деп жазып жатат. Муну кантип түшүнсө болот? Протокол бул жерде.

Ушул иштин жыйынтыгында Эрназаров өз карызын кайтарып алууга эч кандай камсызсыз калып калды. Кантип бул чечимди мыйзамдуу деп айтсак болот? Дегеле сот системасы оңолобу, эгер судьялар өздөрүү жасалма документтер менен мыйзамсыз чечим кабыл алып,кылмыш иштерди биздин мамлекетибизде өркүндөтүп жатышат.

Бул далилдери менен арыздануучу Эрназарова (торт баланын энеси) Сот кеңешине кайрылган. Азыр бул жерден Сот кеңешинин жообун окуп көргүлөө. Жооп бул жерде. Эгер Сот кеңеши иштей албаса, анда Сот кеңешинин эмне кереги бар?

 

P.S. Дегеле ушундай жагдайда кантип тазаланабыз???