Жогорку сотто: откорулгон мооноту калыбына келтируу боюнча, эки иш.

добавлен 10 июня 2013 14:24
просмотров 943

 

 

Бүгүн 10.06.2013 жылы  КР Жогорку Сотунда, соттук коллегиясы:  Ж. Исакова, Б. Батыралиев жана  Д. Арстанбаева курамында, өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү боюнча эки иш каралды. Биринчи иш саат 9.00да  коюлган экен  9.45 де башталды.

Сот отурумуна ким келгенин аныкташып ишин башташты. Каралып жаткан иш мыйзамсыз жумуштан бошотуу жөнүндө экен. Ал процесске бир кана тарап келиптир, ал мекеменин жетекчиси жана анын өкүлү.

2011 жылдын 24 майында Октябрь райондук сотунда жумуштан бошоп калган тарап утулуп калышат . Ал чечимди апелляциялык ирэтте даттануга жетишпей калып, өткөрүп жиберген мөөнөттүү калыбына келтирип бергиле деп сотко кайрылат.

2013 жылдын  4 февралында  Бишкектин шаардык сотуна процессуалдык өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү боюнча арыз түшөт жана ал арыз канаттандырылат. Маакул болбогон мекеме тарап Жогорку сотко кайрылып, бул маселени чечип берүүнү талап кылышат.

2013 жылдын  10 июнунда КР Жогорку Сот Бишкек шаардык сотутнун чечимин жокко чыгарып көзөмөл иретиндеги  арызын канаттандырылсын, деп чечим чыгарып берди. Анткени келген тарап оппонентери сот отурумуна келип, «кандай чечим чыгат мен билем»  деп сот отурумунан чыгып кеткен, дешти. Ошондуктан алар бул чечим жөнүндө билген эмеспиз деген көрсөтмөсү чындыкка жатпайт дешти. «Алар билбей калуу эч болмок эмес», деп сотко көрсөтмө беришти.

Ошентип өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилген жок.

Экинчи иш дагы ушул эле маселенин тегерегинде болду.  Тюп кеген жолун салабыз, деп ОсОО «Терра Эмплоймент Груп» деген мекеме ишке ашырып жаткан. 2010 жылдын  1 сентябрьна Мирзат Исаков деген жигит иш ордунан каза тапкан.

Компенсациясын төлөтүп алабыз, деп «Терра Эмплоймент Груп»  деген мекеменин мүлкүнө арест коюшат. Бул чечимге «Терра Эмплоймент Груп»  апелляциялык  арыз таштабай, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышат. Бишкек шаардык соту арызды канатандырып өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирилсин, деп чечим чыгарышат.

Каза болгон баланын тайакеси Жогорку Сотко көзөмөл арызы менен кайрылып Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарып берүүнү суранды.

КР Жогорку Сотунун соттук коллегиясы: Ж. Исакова, Б. Батыралиев жана  Д. Арстанбаева бул ишти кыскартты, анткени юридикалык жакка өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилбейт экен.

P.S.  Соттор чыгарган чечимин  эмне себептен чыкканын негиздеп берсе, жакшы экенда!!!