Умуттун шооласы узулбойт

добавлен 03 июня 2013 20:27
просмотров 951

 

 

Сот системасынын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңешинин коомдук кабылдамасына Нарын облусунун Ак-Тала районуна карашту Совет доорундагы Кирпотребсоюзга карашту Ак-Таала райпотребсоюзунун мүчөлөрү кайрылышкан.

Иштин мааңызы

1991 жылы Ак-Таала райпотребсоюзунун төрагасы болуп Дербишев Темирбек шайланган. 1996 жылы Ак Таала райондук Керек Жарак коомун мамлекеттик каттодон өткөргөн. Менчик түрү кооперативтик, иш жүргүзү түрү  соода, деп аныктаган. Ошол кезде РайПОдо 300дөн ашык пайщиктер, 150дөн ашык адамдар иштечүү.

Дербишевдин демилгеси менен 2002 жылы райондук Айыл чарба кооперативин түзүп алган. Ошондон бери ушул мекеменин пайщиктери жана жумушчу кызматчылары өздөрүнүн үлүшүн бөлдүрүп алалбай жүрүшөт.

Бул иш Нарын облусунан каралып, ал жердеги сотко ишеним көрсөтпөй Ысык Көлгө каралууга кеткен.

Соттук териштирүүсү:

10.02.2012 жылы Ысык Көл областынын Райондор аралык сотунда, төрагалык кылуучу Даркимбаев Таалайбек Кадыралиевич каралып Ак Таала райондук айыл чарба кооперативдин каттого алуу жөнүндөгү картасын жараксыз, деп табылсын, деп чечим чыгарат. Сот чечими бул жерде.

15.06.2012 жылы Ысык Көл облустук сотунун соттук коллегиясы: А. Рыскулова, А. Абдыкадыров, М.Шамбетова курамында бул ишти кассация иретинде карап Ысык Көл областынын Райондор аралык сотунун 10.02.2012 жылы чыгарылган чечимин күчүндө калтырылсын, кассациялык арыз каннатандыруусуз калтырылсын, деп токтом кылган. Сот чечими бул жерде.

03.06.2013 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жумашов К., Токбаева А., Осмоналиев К. соттук курамында каралды.

Ак Тааладан 16 адам өз укугун коргоогону Бишкеке келишкен. Сот отуруму саат 9.30 коюлган. Расписание боюнча бул биринчи иш болчу, тилеке кааршы 35 мүнөөткө кечигип башталды. Төрага ишти ачып, чырдашып жаткан тараптарга тартипти сактагыла, деп процессти башташты.

Сөзду көзөмөл арызды берген тарапка беришти. Дербишев эмнеге мурун чыгарылган чечимдерге нааразы экендигин баяндады.

Экинчи сөздү кооперативдин пайщиктерин жана кооперативдин жумушчуларынын укугун коргоогондо жалданган адвокатка берилди. Жактоочу келтирилген далилдерге кааршы далилин сот отурумундагы судьяларга аныктап берди.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту мурун чыгарылган соттун чечимдерин күчүндө калтырып, укугу бузулган пайщиктердин жана жумушчулардын укуктарын коргоп берди.

P.S. «Сот оңолсо Кыргызстан оңолот» деген уран жөн жерден чыккан эмес, укуктары орундалган жарандарды көрүп, ишеним пайда болот экен.