Чечим чыгарууда сот кайсы мыйзамга тайанат???

добавлен 31 мая 2013 18:17
просмотров 1583

 

 

Сот системасынын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңешинин коомдук кабылдамасына Чолпон Ата шаарынан Чотыева Эркингуль кайрылды. Ал Ысык-Көл районндук сотунун судьясы А. Маматовдун чыгарган чечимине нараазы болуп келген.

Иштин мааңызы

Чотыев Айбек (арыздануучунун жалгыз уулу) студент болуп турган кезинде Чолпон Ата шаарынан жер тилке алат. Ал кезде ал бойдок болчу. Студент болуп турган кезде үйлөнүп, жубайы менен Бишкекте жашашат. Окууларын бүткөнчө эки балалуу болуп Бишкекте турушат, ал убакытта, Айбектин ата-энеси ар кайсы банктардан насыя алып баласына эки кабат үй салышат. Үй салынып бүткөндөн кийин жаштар үйүнө келип жашап калышат. Ошол үйдө бир жылга жетпей жашап турушуп ажырашып кетишет. Айбектин жубайы жашап жаткан мүлктү болүп бергиле, деп доо арыз менен сотко кайрылат.

Соттук териштирүүсү:

21.05.2013 жылы Ысык Көл райондук сотунда судья Маматов А.О. ишти карап, доогер Н. Коешованын доо арызын толугу менен канаттандырып берет. Н. Коешовага талаш мүлктүн 60 % бөлүп берген (чечим бул жерде).

Эмнеге бул чечимге Чотыева Эркингуль маакул эмес болгону кийинкиде:

- Айбеке бөлүнгөн жер тилкеси никеге чейин алынган (токтом бул жерде);

- ошол жерге салынган үйдү Айбектин ата-энеси насыя алып салышкан (Банк Азии жана АКБ Кыргызстанга бүгүнкү  күнгө чейин насыяны төлөп бүтө электигин далилдешти, Доскредобанкттан кутулушкан, Аман банктан кутулушкан, Назим деген микрокредитик уюмдан кутулушкан), жалпы мүлккө жаштардын тиешеси жок (мыйзам боюнча биргелешип тапкан кана мүлк жалпы мүлккө жатат жана ошондой мүлк бөлүшүгө тура келет);

- эмнеге сот, бул мүлктү бөлүштүрүдө Айбектин ата-энесинин жана бир туугандарынын мүлктүк үлүшүн эсепке алган эмес;

- ошол мүлктү ким, кантип, кайсы каражатка салынганын тастыктаган далилдерге жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнө көнүл бурулуп, баа берилген эмес;

- талаш имаратты доогер «Эник» деген менчик мүлктүү балоо жана экспертизалоо борборуна кайрылып баалаткан, бирок Айбектин ата-энеси бул баа менен маакул эмес, анткени андай баалар Чолпон Ата шаарында жок;

- бөлүнгөн 60 % кайсы мыйзамдын негизинде чыкканын арыздануучулар билишпейт.

P.S. Дегеле судья чечим чыгарып жатканда мыйзамдарга тайанабы, же ....???