Элдин кокоюна тийген Сот реформасы Кыргызстанды кайсы жерге алып келет?

добавлен 23 апреля 2013 11:17
просмотров 856

 

 

 

Бир жыл мурун февраль айында Сот системасынын өнүгү концепциясы боюнча Улуттук диалог өткөрүлгөн. Ошол жыйындын алкагында, дегеле сот системасы кандай болуш керек, аны кантип реформалооо кылабыз деген маселе көтөрүлгөн. Ал  сүйлөшүлгөн багыттар сот реформасы өнүгү боюнча сунуш деген документке камтылып, Президенттин жарлыгы менен бекиген.

Ошол документте Аскер сотун жойуш керек деген сунуш киргизилген. Тилеке кааршы бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Аскер сотуна судьяларды  тандап жатышат. Тандоонун ыкмалары коомчулукта көп суроо жаратып жатат, анткени анын жыйынтыгы кандай бир логикага жатпай турганы ачык эле көрүнүп турат. Тандоонун негизинде мурун коррупцияга кандай бир тиешеси бар талапкерлер киргизилбеш керек болчу. Бирок кандай бир кызыкчылыктын негизинен мындай талапкер, конкурска киргизилгени аз келгенсип, тандалып кетип жатканы анык.

Сот системасын көзөмөлдө боюнча жарандык кенештин коомдук кабылдамасына көп деген каттар келишет, азыр ошолордун Аскер сотуна караштусун келтирип кетейин.

«....Алсак, Аскер сотуна талапкерлеринин баштапкы сыноосу көп кемчилдиктери менен өткөрүлдү. Мисалы, биз Сизге кат турундо маалымдагандай колу таза эмес, ишинде мыйзамды бузган соттор эч кандай соттор  Кенешинин элегинде тескелбей  эле үстүртөн жана аларга жан тарткан мамиледе өткөрүлүп жатканын байкадык.Сөзүбүз куру болбошу үчүн 7 апрелде чириген Бакиевдин бийлигин кулатууда биздин баатырларыбыздын канын төккөн, күнөөкөр Суталиновду биздин көзүбүзчө камактан чыгарган соттор Бекназаровдун досу өзу кызматка койгон Ашымбеков, Мамытовдор, Кожомбердиевдер. Революционер генералыбыз И. Исаковду күнөөсүз 8 жылга Бакиевдин бийлигин колдогон сот Алиевдер ишинде мындан башка дагы толгон токой кемчилдиктери менен күмөн туудурган жолдор менен соттор Кенешинин элегинен өтүшүүдө. Ушул жана мурдагы маалыматтарга көнүлүнүздү буруп, жеке контролго алышынызды өтүнөбүз».

«...2012 жылы Бишкек шаарынын 1 май районунун соту Бокошов деген пара алып, бардык элге республикага чуусу чыгып, ишинен Президенттин Указы менен айдалган эле. Бул эргул дагы Аскер сотуна талапкерлигин койуптур. Аны эл айткандай тууганы Парламенттин жетекчилик кызматтарында  иштейт экен деп жатышат..... Дагы бир нечесинин үстүнөн кылмыш иш козголгондор да бар экен, алар дагы сот болобуз деп келишиптир. Эмне Кыргызстанда бул шылуундардан башка татыктуу инсандар түгөнүп калыптырбы. Биз Сизге айла кеткенден колу таза эмес соттор сот кеңешинен кандайдыр бир коррупциялык жолдор менен өтүп жатканына көңүлүнүздү буруп, Сизге сайтыныз аркылуу кайрылууга тура келди».

«....Бизди ойлонткон маселе Кыргыз Республикасынын Аскер сотуна талапкерлигин койгон Алымкулов Мыктарбек Сатылганович деген, мыйзам бузуп, ыплас иштери үчүн бошотулган 20дай соттордун ичинде Президенттин Указы менен  сот кызматынан бошотулган мөөнөтүнөн мурда.... Азыр болсо кайрадан эле өзүнүн талапкерлигин койуп күмөн туудурган жолдор менен өтүүгө аракет жасап  жатат. Ошондуктан, бизде суроо тулуп жатат сот кызматынан мыйзам бузуп, кемчилдиктерди кетирип Президенттин Указынын негизинде мөөнөтүнөн мурда бошосо, дагы кайра эле сот кызматына дайындалса болобу? Анда Президеттин Указынын авторитети кайда? Сизге ушул Мамлекеттеги терс көрүнүштөрдү жазып, Конституциянын, мыйзамдуулуктун гаранты катарында чара көрөрүнүзгө, кудайга ишенген адам катары ишенебиз».         

«Алардын ичинде мурун сот болуп туруп, пара алып жаткан жеринен кармалган  коорупционерлер да бар. Сөзум куру-болбосун үчүн Жогорку Аскер сотко Бокошов Султан деген өзүнүн талапкерлигин койуп, азыр ар кимге жан талашып өзүнө окшогон коорупционерлерге чуркап  аракеттерди жасап жаткан кези. Ал мурда Бишкек шаарынын 1 май районунда сот болуп иштеп турган мезгилде 300 Америка долларын алып жаткан жерден накта кармалган. Кылмыш иши козголуп, кылмышкер катарында жоопко тартылган. Эми камалайын деп калганда 2010-жылы революция болуп кетип,  коорупциялык жолдор менен ишин бурмалап мыйзамсыз бүтүрүп алгандыгы жөнүндө эл арасында сөздөр жүрөт....».     

Сизди урматтап, Акматов Камчыбек Жармаматович - Сокулук райоунун Ак-Жол айылынын тургуну, Кенжебаев  Анарбай       - Сокулук району Маевка айылы, Масабиров Каныбек - Бишкек шаары,  Ак-Ордо жаны конушу.

P.S. Эгер биз ушул тарыхый учурда, айтылган сөзүбүзгө бек турсак келечегибиз болот эле, азыркы көрүнүш бизди кайсы жерге алып келет экен?